Прокуратуранын мурдагы кызмактери пара талап кылганга, алдамчылыкка шектелүүдө
RU

Прокуратуранын мурдагы кызмактери пара талап кылганга, алдамчылыкка шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалды. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, кармалган жаран системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылууга жана алдамчылык фактысына шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, кармалган адам мурда кызматта иштеп жүргөндө өлкө башчысы, УКМКнын төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышым бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп, майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден пара алып келген. Ал Жалал-Абад облусунун мамлекеттик кызматкерлеринен 13 миң доллар алганы такталды.

Ошондой эле алдамчылык жол менен жаранды 150 000 сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чөнтөк телефон алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган. Ошондой эле Т.Т.Т. бир нече ирет алдоо жолу менен айдоочудук күбөлүк алып берүүнү убадалап, көп суммадагы акча алып келген. Анткени кармалган жарандын атасы Т.Т.М. азыркы учурда Жалал-Абад облусунда "Унаа" мамлекеттик ишканасынын регионалдык бөлүмүнүн бөлүм башчы кызматын ээлеп турат.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10373