Алтын кен казган ишкананы кар көчкү басып калды. 4 жумушчу жабыркаган
RU

Алтын кен казган ишкананы кар көчкү басып калды. 4 жумушчу жабыркаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Штамберди участкасында "Фуголд Майниг" алтын казуучу фирмасына кар көчкү түштү. Анын кесепетинен, 4 кызматкер кар алдында калган дешет ӨКМдан.

Маалым болгондой, 4 жаран кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда баарынын абалы туруктуу.

Жерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылып, бирок Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка авто унаа жолунун 45-чакырымына кар күрткү түшүп, автоунаа өтө албагандыктан туруктуу ордуна кайтышкан.

Кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10375