Ошто тургунду 7 млн сомго алдап кеткен жаран камакка алынды
RU

Ошто тургунду 7 млн сомго алдап кеткен жаран камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто инвестиция тартуу шылтоосу менен өзгөчө ири суммадагы акчага алдап кеткен жаран бир айга камакка алынды. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашат.

Камакка алынган жаран 2022-жылдын 1-мартынан 6-августка чейинки аралыкта Араван районунун тургунуна араб өлкөлөрүндө күчтүү, ишенимдүү тааныштары бар экенин, инвестиция тартып, долбоор менен Араван районуна бала бакча, тигүүчү цех, спорттук комплекс, газоблок чыгаруучу цех ачууну сунуштаган. Ал 1 млн 300 000 миң долларлык инвестициянын арабдардан алып келип берүүнү убадалап, жалпысынан бөлүп-бөлүп жатып 7 млн 40 миң сом акчасын алдап алып, өз кызыкчылыгына иштетип жиберген.

Бул факты боюнча боюнча 209-берененин 4-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда соттолгон, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну А.Р. ушул жылдын 14-февралында кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 16-февралда Ош шаардык соту тарабынан бир айга камакка алуу түрү тандалды.

Эгерде шектүүдөн жабыркагандар болсо 03222-4-82-82 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну милициядан суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10376