Дөөлөт Сыдыковго айып тагылганы айтылды
RU

Дөөлөт Сыдыковго айып тагылганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манасчы Дөөлөт Сыдыковго бийликти басып алууга аркет кылган деген айып тагылды. Бул туурасында активист Илгиз Шаменов Facebookка жазды.

Айтымында, Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан активисттер, саясатчылар камалганда Москвадан Дөөлөт Сыдыков, Москвадагы ишкер Эмил Жайчиев, Орозайым Нарматова, Тилекмат Куренов болуп массалык камалгандардын бошотулушун талап кылган видео кайрылуу жасашкан.

"Эми ошол видео кайрылуу менен бийликти басып алууга даярдангансыңар деген айып коюшту. Учурда Москвада жашап жаткан манасчыбыз Дөөлөт Сыдыковго жана Эмил Жайчиевге дагы бийликти басып алууга даярданганга чакырык таштаган деп иш козгошту. Издөөгө берейин деп жатыптыр", - деп жазды ал.

Бул боюнча ИИМге байланышканыбызда комментарий берүүдөн тартышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10379