Окуучуну сүзгөн айдоочу 5 күндөн кийин кармалды
RU

Окуучуну сүзгөн айдоочу 5 күндөн кийин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте окуучу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан кабарлашты.

Такталгандай, окуя 10-февралда болжол менен саат 10:40 чамасында Бишкек шаарынын Өмүракунов менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда белгисиз айдоочу жөө өтмөктөн 12 жаштагы А.А. аттуу окуучу кызды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан издөө интеринин натыйжасында 15-февралда шектүү катары Бишкек шаарынын 24 жаштагы А.Н. кармалды. Ошондой эле "Мерседес-Бенц 311" үлгүсүндөгү унаасы атайын айып аянтка токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10382