Жалал-Абадда тойго барган жаран асманга 10 ирет ок аткан. Видео
RU

Жалал-Абадда тойго барган жаран асманга 10 ирет ок аткан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда той учурунда асманга 10 ирет ок аткан жаран аныкталды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Такталгандай, 19-февралда той учурунда BMW унаасындагы жаран асманга бир нече ирет ок чыгарган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран 1995-жылы туулган М.А. экендиги аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, өзүнө таандык Сайга МК-01 куралынан 10 жолу ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.

Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10396