Бишкекте дүкөн ээлери митингге чыгышты. Видео
RU

Бишкекте дүкөн ээлери митингге чыгышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Максим Горький сейил багында дүкөндөргө контролдук кассалык машиналарды (ККМ) орнотууга каршы митинг өттү.

Митингге чыккан жүзгө жакын соодагерлер бийликтен аларды патенттик салык системасында калтырууну талап кылышты. Алар дүкөндөргө ККМдин коюлушуна каршы.

"Көпчүлүгүбүздө чакан дүкөндөр бар, эми кассалык аппараттарды орнотуп, салык төлөшүбүз керек. Чакан дүкөндөрдү да ККМден бошотууну суранабыз", - дешти чогулгандар.

Белгилей кетсек, буга чейин контролдук-кассалык машиналарды колдонуудан бошотулган ишмердүүлүктүн тизмеси кеңейтилгени айтылган. Тизмеге төмөнкүлөр кирген:

  • гезит күркөлөрүндө алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды сатуу;

  • гүл чарба азыктарын, айыл чарба азыктарын, нан азыктарын, кол арабалар менен сатылган улуттук жана алкоголсуз суусундуктарды, көчмө дүкөнчө жана күркөлөрдү колдонуу менен чекене сатуу;

  • квасты, сүттү, алкоголсуз суусундуктарды жана улуттук суусундуктарды цистерналардан/бочкалардан чекене сатуу;

  • окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде коомдук тамактануу кызматтары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10406