Ош шаарында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги башталды
RU

Ош шаарында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-март күнү Ош шаарынын бокс жана оор атлетика мектебинде бокс боюнча 2005-2006-жылдарда төрөлгөн уландар жана кыздар арасында Кыргызстандын биринчилиги башталды. Расмий бөлүгүнө Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, эл аралык даражадагы калыстар тобу жана спортчулар катышты.

Вице-мэр Эмиль Шадыханов жалпы боксчуларга ийгилик каалап, күчтүүлөр жеңсин деген каалоосун айтты. Ошондой эле, билеги күчтүү спортчулар башка мамлекетке барып Кыргызстандын желегин желбиретип, намыска жарап жүрө бергиле деп кошумчалады.

Бокс боюнча биринчилигине Кыргызстандын 7 облус, эки шаарынан 300гө жакын боксчулар келген. Мелдеш 27-мартка чейин уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1040