Владимир Путин: "Россияны согуш талаасында жеңүү мүмкүн эмес"
RU

Владимир Путин: "Россияны согуш талаасында жеңүү мүмкүн эмес"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Батыш Украинаны Россияга каршы "курал" катары пайдаланып жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Федерациянын парламентинин алдында сүйлөп жатып билдирди.

"Украинага Батыштын узак аралыктагы колдоосу канчалык көп берилсе, биз коркунучту чек араларыбыздан ошончолук алыстатууга аргасыз болобуз, бул табигый көрүнүш", - деп белгиледи Россия лидери.

Путиндин айтымында, Россия Украина менен болгон кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн колдон келгендин барын жасады, бирок анын артында таптакыр башка сценарий даярдалды. Себеби, Батыштын Донбасста тынчтыкка умтулуу жөнүндөгү убадалары ырайымсыз калп жана жасалма болуп чыкты.

"Согушту алар баштаган. А биз аны токтотуу үчүн күч колдонуп жатабыз. Донбасс, Донецк жана Луганскка жаңы чабуулдарды пландап жаткандар кийинки максат Крым менен Севастополго кол салуу экенин ачык түшүнүшөт. Биз муну билип, түшүнүп турабыз",- деди Путин.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-февралда, Россия президенти орус парламентинин алдында билдирүү жасады. Анда ал Украинадагы жана дүйнөдөгү кырдаалга да баа берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10425