Ошто дары-дармектерди рецептсиз саткандар кармалды
RU

Ошто дары-дармектерди рецептсиз саткандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар аныкталып, кызматкерлери кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, таасири күчтүү дары-дармектер рецептсиз сатылган.

Ош шаарындагы үч дарыканада дары-дармектер мыйзамсыз сатылганы боюнча факт каттоого алынган. Мындан тышкары борбордук базардын аймагында жайгашкан дарыкананын лицензиясы жок экендиги, дары-дармектер жеке пайда алуу максатында коңшу дарыканадан сатып алынганы аныкталган. Бул ишке байланыштуу 1991-жылы туулган А.А. жана 1987-жылы туулган К.М. аттуу дарыкана кызматкерлери кармалды.

Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек каражаттары алынды.

Эске салсак, буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын демилгеси менен фармацевтикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда калк арасында таасири күчтүү заттарды камтыган дары-дармектерди рецептсиз сатууга жол бербөө боюнча кеңешме өткөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10438