"Керемет Банктын" иши боюнча УКМКнын дагы бир кызматкери кармалды
RU

"Керемет Банктын" иши боюнча УКМКнын дагы бир кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жеке коопсуздук кызматынын улук ыкчам кызматкери кармалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Алар билдиргендей, Башкы прокуратура тарабынан "Керемет Банк" боюнча кылмыш ишине шектелип УКМКнын жеке коопсуздук кызматынын Э.С. аттуу ыкчам кызматкери кармалган.

Белгилесек, 2022-жылдын декабрь айында Бишкекте "Керемет банктын" кызматкерлери кармалган. Алар "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталган.

Кармалгандардын арасында банктын Бишкектеги филиалынын директору, ошондой эле эки кызматкери, УКМКнын жеке коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары жана УКМКнын тергөөчүсү жана Улуттук банктын мурдагы кызматкери бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10448