"Керемет банк" боюнча кылмыш ишине шектүүлөрдүн экөө чет өлкөдөн кармалды
RU

"Керемет банк" боюнча кылмыш ишине шектүүлөрдүн экөө чет өлкөдөн кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Керемет банк" боюнча козголгон кылмыш ишке катыштыгы бар делинген эки адам чет өлкөдөн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, учурда тергөө иштери уланууда. Анын жүрүшүндө эки шектүү чет өлкөдөн кармалган. "Түркиядан эки шектүү кармалды. Биз келтирилген зыяндын 80%ын өздөштүрүп алдык", - деди ал.

Эске салсак, 2022-жылдын декабрь айында Бишкекте "Керемет банктын" кызматкерлери кармалган. Алар "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталууда.

Кармалгандардын арасында банктын Бишкектеги филиалынын директору, ошондой эле эки кызматкер бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10137