УКМКнын 2 кызматкери кармалды. Алардын банк ишине тиешеси бар экени кабарланды
RU

УКМКнын 2 кызматкери кармалды. Алардын банк ишине тиешеси бар экени кабарланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жеке коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары жана тергөөчү кармалды. Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришкендей, алардын "Керемет банктын" ишине тиешеси бар.

Маалымдалгандай, кечээ, 21-декабрда прокуратуранын кызматкерлери УКМКнын жеке коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Б.М`ны жана УКМКнын тергөөчүсү А.М`ны кармашкан.

Аты аталган кызматкерлер "Керемет Банк" боюнча козголгон кылмыш ишке катыштыгы бар делинүүдө. Буга чейин "Керемет Банктын" төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев, банктын Бишкектеги филиалынын директору жана эки кызматкери кармалган.

Алардын баары Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9688