Улуттук банктын мурдагы кызматкери "Керемет Банктын" ишине тиешеси бар делинип кармалды
RU

Улуттук банктын мурдагы кызматкери "Керемет Банктын" ишине тиешеси бар делинип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Керемет Банктын" ишине байланыштуу Улуттук банктын мурдагы кызматкери кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан маалымдашат.

Кабарлангандай, "Керемет Банктын" жооптуу кызматкерлеринин, Улуттук банктын кызмат адамдарынын жана башка адамдардын ишмердигинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген коррупциялык көрүнүштөр аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен "Керемет Банкка" (мурдагы "Росинбанк") 8 миллиард сомдон ашык каражатты мыйзамсыз инвестиция салынганы, ал эми бул банктын иши чыгашалуу болуп, андан мурда мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтирилгени боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, комплекстүү ыкчам тергөө иш-чаралардын алкагында алынган далилдерди эске алуу менен Улуттук банк башкармалыгынын мурдагы мүчөсү, көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору Ж.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чаралар уланууда. Кармалгандардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10168