Кытай адамдардын санын көбөйтүүнүн жаңы жолун тапты
RU

Кытай адамдардын санын көбөйтүүнүн жаңы жолун тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын провинцияларында төрөттүн өсүшүн жогорулатуу үчүн жаңы үйлөнгөндөргө 30 күндүк акы төлөнүүчү "нике өргүүсүн" берилет. Бул тууралуу Channel News Asia (CNA) жазып чыкты.

Негизинен Кытайда минималдуу өргүү үч күн (акы төлөнөт). Бирок 2023-жылдын февраль айынан баштап провинциялар никеден кийинки өргүү үчүн өз эрежелерин бекитишти. People's Daily Health гезитинин маалыматына караганда, эми түндүк-батыш Ганьсу жана көмүр казуучу Шансиде жаңы үйлөнгөн жубайлар эң аз дегенде 30 күндүк акы төлөнүүчү нике өргүүсүнө чыга башташат. Ал эми Шанхайда 10 күн болсо, Сычуанда үч гана күн белгиленген.

Түштүк-Батыш Финансы жана Экономика университетинин Социалдык өнүгүү изилдөө институтунун деканы Янг Хайян: "Нике өргүүсүн узартуу - бала төрөлүүнү жогорулатуунун эффективдүү жолдорунун бири", - деп билдирген.

Ал мындай чараларды экономикасы салыштырмалуу жайыраак өнүккөн айрым облустарга жана шаарларга киргизүү чечими кабыл алынганын айтып, жумушчу күч менен керектөөчүлөрдүн санын да көбөйтүү зарылдыгынан келип чыкканын белгиледи.

2022-жылы Кытайдын калкы 2021-жылга салыштырмалуу 850 миң адамга кыскарган. Мындай төмөн көрсөткүч 1960-жылдан бери биринчи жолу болгон.

БУУнун божомолунда 2050-жылга чейин Конгонун, Египеттин, Эфиопиянын, Индиянын, Нигериянын, Пакистандын, Филиппиндин, Танзаниянын калкы өтө көбөйөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10454