Жакында эле министрдин орун басарлыгынан кеткен Надырбеков жаңы кызматка дайындалды
RU

Жакында эле министрдин орун басарлыгынан кеткен Надырбеков жаңы кызматка дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директорлугуна Союзбек Надырбеков дайындалды. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Союзбек Надырбековду министр Алтынбек Максутов эмгек жамаатка тааныштырды. "Союзбек Надырбекович биздин министрликке жат киши эмес, буга чейин министрликте орун басарлык кызматты аркалап, өзүн мыкты жетекчи, мыкты мамлекеттик кызматкер катары көрсөтө алды. Анын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, иш билги кесипкөйлүгү аталган маданий борбордун ишинин алга жылышына өбөлгө болот деп ойлойм", - деп белгиледи министр.

Союзбек Надырбековдун өмүр баяны:

  • 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун, Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган.
  • 2009-2013-жылдары - Бишкек гуманитардык университети – Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.
  • 2009-2011-жылдары - Чунг-Анг университети (Корея Республикасы) – Ички жана тышкы саясат багыты, 2015-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты (магистратура), 2017-жылы - Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы – Саясий институттар багыты (аспирантура) боюнча билим алган.
  • 2012 – 2013-жылдары - "Лидер жаштар клубунун" негиздөөчүсү, төрагасы;
  • 2013 – 2015-жылдары - "KGM", азыркы "Luna travel" туристтик компаниясында Башкы менеджер;
  • 2015 – 2017-жылдары - "Asia Children Charity" эл аралык кайрымдуулук фондунда аткаруучу директор;
  • 2017-жылы - "Dream K" туристтик компаниясында башкы директор;
  • 2017 – 2018-жылдары - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы Инфраструктура, ыктыярчылар жана илим багыты боюнча координатору;
  • 2018 – 2019-жылдары - "King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe" (Сауд Аравия) координатор;
  • 2019-жылы - Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (TURKSOY 2019) Логистика багыты боюнча жооптуу адиси;
  • 2019-жылы - Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Логистика багыты боюнча жооптуу адиси;
  • 2019 – 2020-жылдары - Дүйнөлүк этно конфедерациясында менеджер;
  • 2020 – 2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Республика - Ата Журт депутаттык фракциянын катчылыгынын консультанты;
  • 2021-жылы - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары.
  • 2021-2023-жылдар аралыгында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10457