Ошто эртең менен жер титиреди
RU

Ошто эртең менен жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министлигинен кабарлашкандай, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10460