Чет элдик жаранды пранкка салам деген жигит милицияга жеткирилди
RU

Чет элдик жаранды пранкка салам деген жигит милицияга жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чет элдик туристке тийишкен жигит аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Биринчи Май РИИБден ырасташты.

Маалым болгондой, 22-февралда текшерүү иштеринин жүрүшүндө О.А. аттуу пранкчы жигит тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгына ылайык, юридикалык баа берилет.

Буга чейин социалдык тармактарда блогер жосунсуз кылыгы менен чет элдик жаранды пранкка салган. Анын тамашасы социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, аны жоопко тартуу талабы коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10463