Транспорт министрлиги акы алына турган жолдордун тизмесин жарыялады
RU

Транспорт министрлиги акы алына турган жолдордун тизмесин жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда айрым жолдор үчүн акы төлөнөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, акы бардык автоунаа жолдордон эмес, стратегиялык маанидеги трассалардан алынат.

Алар:

  • Бишкек-Нарын-Торугарт;

  • Ош-Сары-Таш-Эркечтам;

  • Ош-Сары-Таш-Карамык;

  • Эркечтам-Сары-Таш-Карамык.

"Бул калктын жашоосуна анчалык деле таасирин тийгизбейт, анткени салыктын өлчөмү минималдуу эмгек акысынан гана каралган", - деп жазылат маалыматта.

Акча алына турган жолдордун катарына: Өзгөндөгү айланма жол, Бишкектин түндүк айланма жолу жана Чүй облусунун калктуу кошунтарындагы жолдор да кириши мүмкүн. Министрлик бул долбоор калкка жана мамлекетке пайда алып келе турган болсо ишке аша тургандыгын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10467