Францияда окуучу мугалимди бычактап салган
RU

Францияда окуучу мугалимди бычактап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Францияда өспүрүм мугалимин бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу маалыматты Franc Bleu радиосу билдирди.

Окуя Сант-Жан-де-Луз коммунасындагы жеке католик лицейинде болгон. Окуучу испан сабагынын берген мугалимге кол салган.

Өспүрүм 10-класстын окуучусу экени такталган. Учурда ал камакта.

"16 жаштагы студент сумка менен класска бычак көтөрүп кирген. Кол салуунун так себеби азырынча тактала элек. Бирок, биринчи сурак учурунда окуучу "мугалимди өлтүр" деген үндөрдү укканын айткан",-деп айтылат радионун маалыматында.

Тергөөчүлөр трагедиянын чоо-жайын териштирип жатат. Француз массалык маалымат каражаттары тастыкталбаган маалыматтарга таянып, бала психологиялык жактан жабыркашы мүмкүндүгүн жазып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10468