23-февралды иш күн кылуу сунушталууда. Эмнеге?
RU

23-февралды иш күн кылуу сунушталууда. Эмнеге?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда бир нече эс алуу күндөрүн иш күндөрү кылууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоордо 23-февраль, 7-апрель (Апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн) майрам күндөрү кылып калтырып, бирок иш күндөрү кылуу сунушталган. Министрлик бул өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу болот деп эсептейт.

Ошондой эле дем алыш күндөрүнө туш келген майрам күндөрдү жылдыруу практикасын жоюуну сунуштоодо.

Андан тышкары учурда жаңы жылдык майрамдарды январь айынын башында белгилөө жана май айынын башындагы майрамдардын көптүгүн эске алуу менен май айынын башын дагы эс алуу күндөрүн кылуу сунушталууда. Бирок банк структуралары үчүн бул күндөрдү жумуш күнү катары калтыруу пландалып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10471