Украинадан орус аскерлерин чыгаруу резолюциясына Кыргызстан "калыстыгын" билдирди
RU

Украинадан орус аскерлерин чыгаруу резолюциясына Кыргызстан "калыстыгын" билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын орус аскерлерин Украинадан чыгаруу резолюциясына Кыргызстан "калыс" добуш берди. Бул тууралуу добуш берүүдөгү таблицада көрсөтүлөт.

Резолюцияга 141 өлкө добуш берди. Жалпы 102 өлкө макул болсо, Россия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея, Мали, Никарагуа жана Сирия каршы чыкты.

Ал эми Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Индия, Өзбекстан баш болгон 27 өлкө добуш берүүдө калыстыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, БУУнун Башкы ассамблеянын резолюциясы "сөзсүз аткарылууга тийиш" деген күчкө ээ эмес, бирок дүйнөдөгү жалпы пикирди билдирет деп таанылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10481