Бишкекте Украинадагы согуштун бир жылдыгына гүл койгон жети адам кармалды
RU

Бишкекте Украинадагы согуштун бир жылдыгына гүл койгон жети адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-февралда Украинадагы согуштун бир жылдыгына карата гүл коюу учурунда милиция кызматкерлери жети кишини кармады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына кармалгандардын досу Станислав Захаркин айтып, маалыматты укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова да тастыктады.

Айтымдарында, Эмен паркындагы украиналык скульптор Лев Синкевичтин айкелдеринин бирине гүл коюшкан.

Станислав Захаркин белгилегендей, досу кармалганын саат 10:30да билдирип, аларды РИИБге алып бара жатканын, телефондорун тартып алышканын кошумчалашты.

Бул боюнча РИИБден маалымат берише элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10488