Ноокенде 700 миң рубль карызды өндүрүп берем деген киши кармалды
RU

Ноокенде 700 миң рубль карызды өндүрүп берем деген киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокенде орус жаранын алдап кеткенге шектелип мурда соттолгон киши кармалды. Жалал-Абал ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү 600 миң сомду ээсине кайтарбай жүргөн.

Белгиленгендей, Ноокен РИИБине Россиянын Москва шаарынын тургуну 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын октябрь айында "Эдик" аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 000 рубль карызын алып беремин деп убада бергенин, 600 000 сом акчаны алып, бирок арыз ээсине кайтарбай качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материал 209-берене (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында "Эдик" аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-жылы туулган тургуну С.А. экендиги такталган. Кармалган жаран 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10501