Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унаалар тапшырылды. Видео
RU

Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унаалар тапшырылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Кызматтык унаалар Баткен облусунун Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар башчыларына берилди.

"Сиздерге жаңы кызматтык унааларды тапшырып жатып Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон Кадамжай району, Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары үчүн унааларды өзүм тапшырып жатам, ал эми башка аймактардагы жетекчилерге дагы унаалар берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун!", - деди Акылбек Жапаров.

Эске салсак, президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 унаа сатып алынган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтык унаалар республика боюнча жаңыланып жатканын билдирди.

"Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен кызматтык унааларды жаңылап жатабыз. Мурдагы эски техникалардын айрымдарын пайдалануу мүмкүн болбой калган. Колдонууга кеткен каражатка караганда оңдоого кеткен чыгым көп болчу"- деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10502