Түркияда тереңдиги 12-15 метрге жеткен чуңкур пайда болду. Видео
RU

Түркияда тереңдиги 12-15 метрге жеткен чуңкур пайда болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Конья провинциясында тереңдиги 12-15 метрге жеткен чуңкур пайда болду. Түрк басылмаларанын маалыматына караганда, чуңкурдун диаметри 37 метрге чукул.

Карапынар айылында пайда болгон чуңкурдун жагдайлары азырынча белгисиз. Жергиликтүү тургундар бул көрүнүшкө анчейин деле таң калышпаганын, таң калгандар айылга биринчи жолу келгендер экенин айтышкан.

Конья технология университетинин чуңкурларды изилдөө борборунун директору Фетулла Арык жамгыр жааган мезгилден кийин чуңкур пайда болушу ыктымал экенин жана жер титирөө да анын пайда болуу факторлорунун бири болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10508