Египеттеги турнир: Кыргыз балбандары командалык эсепте 3-орунга ээ болушту
RU

Египеттеги турнир: Кыргыз балбандары командалык эсепте 3-орунга ээ болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Египеттеги рейтингдик турнирде грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашат.

Биринчи орунду Грузия менен Казакстандын командалары ээлешти. Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Акылбек Талантбеков (82 кг) - күмүш, Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) - коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, 21-25-февраль аралыгында Александрия шаарында күрөш боюнча Ibrahim Moustafa рейтингдик турнири өткөн.

23-24-февраль күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өтүп, анда кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова - алтын, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет - коло медаль утушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10517