Новопокровкада өрт чыгып, бир адам каза болду
RU

Новопокровкада өрт чыгып, бир адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында өрт чыгып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, өрт Крупская көчөсүндөгү №15 үйдөн чыккан. Үйдүн ичи жана чатыры толугу менен өрттөнүп кеткен.

Анын натыйжасында 1959-жылы туулган жаран каза болду. Каза болгон адамдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн себеби аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1052