Ошто Акжол Махмудов менен машыктыруучусу сыйланды
RU

Ошто Акжол Махмудов менен машыктыруучусу сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону Акжол Махмудов "Ош облусунун ардактуу атуулу" болду. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Белгиленгендей, Зиядин Жамалдинов балбан Акжол Махмудов жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды. Облус башчысы Махмудовду эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жаткан жеңиштери менен куттуктап, "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы жана акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле машыктыруучусуна да "Ардак грамота" жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Ал эми Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов балбан менен машыктыруусуна акчалай сыйлык берди.

Акжол Махмудов - грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону, Ислам шериктештик оюндарынын алтын байгесинин ээси, Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү.

Ошондой эле Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10539