Бишкекте жеңил унаалар сүзүшүп, 5 адам жаракат алышты
RU

Бишкекте жеңил унаалар сүзүшүп, 5 адам жаракат алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 28-февралга караган түнү жеңил унаалар сүзүшүп, 5 адам жаракат алды. Күбөлөр Kaktus.media сайтына билдиргендей, кырсык Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Анда Honda Fit жана Honda Stream унаалары сүзүшкөн. Honda Fit унаасында айдоочу жана эки жүргүнчү болгон, алар "Тез жардам" кызматы келгенге чейин эс-учун билбеген абалда болушкан. Ал эми Honda Stream унаасынын айдоочусу оор жаракат алган, жанындагы жүргүнчүсү менен ооруканага жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10551