Улуттук банк: Кыргызстанда инфляциянын деңгээли салыштырмалуу орточо деңгээлде сакталууда
RU

Улуттук банк: Кыргызстанда инфляциянын деңгээли салыштырмалуу орточо деңгээлде сакталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли салыштырмалуу орточо деңгээлде сакталып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

2023-жылдын башынан бери керектөө баалары 2,8 пайызга жогорулады (17-февралга карата). Жылдык мааниде инфляция 15,9 пайызды түздү. Учурдагы инфляция мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баанын сезондук өсүшүн көрсөтүп турат. Дүйнөлүк чийки зат рынокторунда баанын туруксуздугу, бир катар жөнгө салынуучу баалардын (тарифтердин) жогорулашы дагы өлкөдөгү инфлциянын деңгээлине таасирин тийгизип жатат.

"Тышкы чөйрөдө болуп жаткан тез өзгөрүүлөр Кыргызстандагы экономикалык кырдаалдын өнүгүшүнүн алдын ала аныктоочу фактору бойдон калууда. Ошондуктан Улуттук банктын акча-кредит саясаты мурдагыдай эле инфляцияны азайтууга багытталган", - дешет банктан.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда жыл ичинде товарлардын, продукциянын жана тарифтердин баасы 15,3 пайызга өскөнүн Евразия өнүктүрүү банкы маалымдаган.

Бул Кыргызстан ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн ичинде инфляциянын өсүшү боюнча экинчи орунда турат дегенди түшүндүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10554