Бишкекте №35 муниципалдык автобус каттамы кайрадан иштей баштады
RU

Бишкекте №35 муниципалдык автобус каттамы кайрадан иштей баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №35 автобустук каттам ишин жандантты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, узундугу 18,2 чакырымды түзгөн каттам Батыш жана Чыгыш автобекеттерин бириктирет. Буга ылайык, №113 каттамдагы 42 кичи автобустун ордун 14 автобус алмаштырды.

  • №113 кичиавтобус эски жол кыймылынын схемасы боюнча ишин токтотуп, "Учкун-2" турак-жай аймагы - Интергельпо көчөсү - Жибек Жолу проспектиси - Чыгыш автобекети - Батыш автобекети деген жаңы каттам боюнча жүрөт.
  • №48 муниципалдык автобустук каттам менен кайталоону жоюу максатында №214 маршруттук кичи автобустар эски жол кыймылынын тартиби боюнча ишин токтотту. Ал төмөнкүдөй схема менен жүрөт: Чыгыш автобекети - Бөкөнбаев көчөсү - Жаш Гвардия бульвары - Баялинов көчөсү - Абдрахманов көчөсү - Күрөңкеев көчөсү - Осмонкул көчөсү - Михаил Фрунзе көчөсү - Ибраимов көчөсү.

Эске салсак, 2022-жылы автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Муниципалитет аларды Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынан сатып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10556