Валентина Шевченко март айында чемпиондук курун коргойт
RU

Валентина Шевченко март айында чемпиондук курун коргойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко чемпиондук курун коргойт. Бул тууралуу билдирүүнү UFC уюму таратты.

Беттеш ушул жылдын 4-мартында өтөт. Лас-Вегаста боло турган UFC 285 турниринде Шевченко мексикалык Алекса Грассого каршы чыгат.

Мексикалык Алекса Грассонун эсебинде 15 жеңиш жана эки жеңилүү бар. Ал акыркы жолу 2019-жылы утулган.

Валентина Шевченкого татыктуу көңүл бурулбай жатат

Бул арада UFC президенти Дана Уайт кыргызстандык Валентина Шевченкого ММА коомчулугунан татыктуу көңүл бурулбай жатканын маалымдады.

"Валентина чындап эле арткы планда турат. Кээде ушундай болот. Шевченкого татыктуу көңүл бурулбай жатат, бирок бул жолу биз ага өзүнчө poster (плакат) жасадык. Ал буга татыктуу", - деди Уайт.

poster

бул - жарнамалык, үгүттөөчү, нускамалык-методикалык, тарбиялык жана башка мүнөздөгү маалыматты визуалдык жана компакттуу түрдө камтыган барактардын чоң форматтагы басма тиражынын бир түрү.

Эске салсак, кыргызстандык спортчу акыркы беттешинде бразилиялык Тайла Сантусту жеңген. Муну менен Шевченко негизги кармашта жетинчи жолу чемпиондук курун коргогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10558