Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен барат
RU

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен келди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1056