Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү техника берди
RU

Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү техника берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-мартта ӨКМге 40 өрт өчүрүүчү техника тапшырылат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Техникаларды Россия кайтарымсыз негизде берип жатат.

Техникаларды расмий тапшыруу үчүн Кыргызстанга Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков келди. Аны аэропорттон Кыргызстандын ӨКМ башчысы Бообек Ажыкеев тосуп алды.

Жабдууларды берүү боюнча макулдашуу Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусунда жетишилген.

Эске салсак, 1-февралда президент Садыр Жапаров Кытайдан грант катары келген 100 техниканы ӨКМге тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10573