Жаңы муун академиясы стипендиялык программасына кабыл алууну баштады
RU

Жаңы муун академиясы стипендиялык программасына кабыл алууну баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин Жаңы муун академиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген орто мектептердин 25 бүтүрүүчүсүн толук стипендия менен камсыздайт.

ЖМАнын стипендиялык программасы студенттин төмөнкү чыгымдарын камтыйт:

  • ЖМАда бир жылдык окуунун толук баасын;
  • Жатаканадагы жашоосун;
  • Ай сайын төлөнүүчү стипендиясын.

Стипендиялык программага документтерди кимдер тапшыра алат?

  • Талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
  • Тапшыруу учурунда Кыргызстанда жашоосу жана КРнын жараны болуусу керек.
  • Англис тилин орто деңгээлде билиши керек.
  • 2022/2023-окуу жылында орто мектептин/колледждин бүтүрүүчүсү болушу керек.
 ЖМАнын стипендиясына кантип тапшыруу керек?

I кадам: Стипендия алуу үчүн талап кылынган документтерди жана арыз формасын 2023-жылдын 13-майына чейин тапшыруу керек.

II кадам: Англис тилинин деңгээлин аныктоочу тест тапшыруу жана аңгемелешүүдөн өтүү керек. 

Анкетаны жана документтердин тизмесин биздин веб-сайттан тапсаңыздар болот https://auca.kg/ru/nga_scholarships

МААНИЛҮҮ: Экинчи турга өткөн абитуриенттер гана тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакырылат.

ЖМА менен кыялдарыңызды орундатууга бет алыңыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10587