"Эстеликке клип тарттырып койдук". Ишен Назаровдун кызы ырдап чыкты
RU

"Эстеликке клип тарттырып койдук". Ишен Назаровдун кызы ырдап чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Ишен Назаровдун кызы Адеминин жеке аткаруусундагы "Кыргыздын кызымын" деген ыры угармандарга тартууланды. Бул ырга клип да тартылып, көпчүлүгү жакшы сөздөрүн айтышууда.

"Кызымдын каалоосун аткарып ыр жаздырдык. Клипти эстелик үчүн студиядан тарттырып койдук. Баш-оту менен чыгармачылыкка аттана элек", - дейт Ишен Назаров.

Белгилесек, Адеми Урматбекова 6 жашта. Ал тили чыга электе эле музыкага кызыгып, 4 жашында атасы менен дуэт жаздырган. Кийин бир катар ырларды аткарып, атасы менен берүүлөргө да катышып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10613