Ошто жардан кулап түшкөн кыздын өлүмү видеого тартылып калган
RU

Ошто жардан кулап түшкөн кыздын өлүмү видеого тартылып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунда, 25-март күнү, болжол менен саат 18:57де Төлөйкан айылынын Даңги тилкеинде Ак-Буура суусуна 25 жаштагы жаш кыз кулап түшкөн. Анын өлүмү видеого тартылып калган.

Видео социалдык тармактарга тарап кеткен. Анда жаш кыз жана жигит жардын четинде турганын көрүүгө болот. Кыз, орус тилинде "Отпустите!", деп кыйкырып, андан кийин кулап түшөт.

Окуя болгон жерге ӨКМдүн Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кыз-жигиттин ортосунда уруш болгонбу, же кыз өзүнүн өмүрү менен кош айткысы келгенби, же кокустук болуп кырсыктадыбы азырынча белгсиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1061