Айгүл Жапарова Россиядагы кыргыз-орус аялдар форумунда сөз сүйлөйт
RU

Айгүл Жапарова Россиядагы кыргыз-орус аялдар форумунда сөз сүйлөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада "Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келечек үчүн диалог" аталышындагы биринчи кыргыз-орус аялдар форуму өтөт. Бул тууралуу форумдун сайтында маалымдалды.

Форум 6-мартка пландалган. Модератор болуп Россиянын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенко болмокчу. Анда Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова дагы сөз сүйлөйт.

"Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова,билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Россиядагы адам укуктары боюнча комиссары Татьяна Москалькова, Россиянын экспорттук борборунун башкы директору Вероника Никишина катышат",-деп айтылат маалыматта.

Форумда катышуучулар парламенттик диалог, гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, таланттуу жаштарды колдоо, аялдардын ишкердигин, ошондой эле саламаттыкты сактоону өнкүндөтүү жана эне жана баланы мамлекеттик колдоо маселелерин талкуулашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10622