Кыргызстанда Сбербанк, Kaspi сындуу санарип банк түзүү пландалып жатат
RU

Кыргызстанда Сбербанк, Kaspi сындуу санарип банк түзүү пландалып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Евразиялык сактык банкын Kaspi же Сбербанк сыяктуу санариптик кылып өзгөртүү пландалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

"Ата мекендик рынокто чыныгы санариптик банк жок. Банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына берилишинде аны Kaspi bank же Сбербанк сыяктуу кылып өзгөртүү максаты болгон. Банк секторун өнүктүргөн жаңы технологияларды активдүү киргизүү керек", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өкмөттүн маалымат кызматы Акылбек Жапаров "Евразиялык сактык банкы" ААКнын иши менен таанышканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10625