Эки жашар кызын сабап, видеосүн күйөөсүнө жиберген аял үй камагына чыгарылды
RU

Эки жашар кызын сабап, видеосүн күйөөсүнө жиберген аял үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-мартта Баткен облусунун Кадамжай райондук соту эки жашар кызын сабаган деп шектелген аялды үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Азаттык" соттун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, бул иш боюнча кийинки соттук отурум 6-мартта болот.

Эске салсак, январь айынын аягында социалдык тармактарга эки жашар кызды апасы сабап жаткан видео тараган. Кийинчерээк аял бул видеону кыздын атасына, анын күйөөсүнө жибергени белгилүү болгон. Ал полицияга кайрылган. Аталган аялга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси "Кыйноо" боюнча кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10626