Рухий-Мурас конушунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Себеби Кырман жаңы конушу газдаштырылат
RU

Рухий-Мурас конушунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Себеби Кырман жаңы конушу газдаштырылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкекгаз" шаардык газ кызматы 6-марттан 7-мартка чейин буга чейин газдаштырылбаган Кырман жаңы конушун бирдиктүү газ тармагына кошуу иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Аталган иштерге байланыштуу Рухий-Мурас жаңы конушунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Аткарыла турган иштер Кырман конушундагы 667 турак-үйдү газдаштыруу максатында жасалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10649