Президент "Ак-Кула" ат майданынын ордуна ипотекалык үй салууну сунуштады
RU

Президент "Ак-Кула" ат майданынын ордуна ипотекалык үй салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданын бузуп, ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Бул тууралуу президент ипподромго пландан тышкары барган учурда билдиргенин өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

"Ак-Кула" ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда экенин билдирип келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10653