Окуучулар арасындагы Азия чемпионаты. Биздин сууда сүзүүчүлөр дагы алты медаль алышты
Таиландда мектеп окуучулары арасында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынын экинчи күнүндө кыргызстандык спортчулар дагы алты медаль утуп алышты.
Турнир 3-мартта Бангкокто башталган.
Жеңүүчүлөр:
Хегай Михаил , (машыктыруучусу Евгений Петрашов) -200 метр аралыкка эркин сүйүүдөн алтын, 50 метр аралыкта күмүш.
Мусаев Санжар, (машыктыруучу Денис Подидышев)-эркин сүзүү боюнча 400 метр аралыкта күмүш, 200 метр аралыкта күмүш.
Паренко Никита, (машыктыруучу Александр Ступкин) - 50 метр чалкасынан сүзүүдөн күмүш.
Кыдырмаев Амир, (машыктыруучу Александр Слепченкоэ - 200 метр аралыкка эркин сүзүүдө күмүш.
Эске салсак, турнирдин биринчи күнү, 3-мартта кыргызстандык жаш сууда сүзүүчүлөр жети медаль алышкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10669