Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого утулуп калды
RU

Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассого утулуп, сегизинчи жолу чемпион титулун коргой алган жок.

Бул мушташ Лас-Вегастагы турнирдеги башкы беттештин бири болду. Грассо 4-раундда Кыргызстандык мушкер айымды муунту ыкмасы менен жеңди.

Беттеш аяктаган соң Шевченко кайра эле реванш өткөрүүнү суранды.

Азырынча кайра эки мушкер айымдын реванш үчүн кезигүүсү сүйлөшүлө элек.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Шевченко UFC уюмундагы аялдар арасындагы титулду коргоо боюнча рекорд койгон. Ал бул ирет чемпиондук курун сегизинчи жолу коргомок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10679