Колу кесилген наристе боюнча министрлик териштирүү баштады
RU

Колу кесилген наристе боюнча министрлик териштирүү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токтогулда дарыгерлердин шалаакылыгынынан наристе колунан ажырады. Бул туурасында Баяна Кулова социалдык тармакка жазып чыкты.

"Жаңы төрөлгөн наристенин колуна ийне сайып, дары териге кетип, акырында Бишкекке алып келишиптир. Жалдагы балдар ооруканасынын дарыгерлери аргасыз бөбөктүн колун кесишиптир. Бул боюнча кылмыш иши козголбой, дарыгерлер арызын жазып кетип калышыптыр", - деп жазган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын Kaktus.kg сайтына билдиришти.

"Бул маселе министрдин жеке көзөмөлүндө. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилет", - дешти маалымат кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10683