Айгүл Жапарова Москвадагы мекендештер менен жолукту. Сүрөттөр
RU

Айгүл Жапарова Москвадагы мекендештер менен жолукту. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым Айгүл Жапарова Москва шаарында өтө турган "Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу" аттуу биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышат. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, иш-чара бүгүн, 6-мартта өтөт.

Белгилүү болгондой, Айгүл Жапарова форумдун алдында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Мекендештер менен жолугушуу Кыргызстандын элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата кичинеке кыргызстандыктардын өнөрүн көрдү.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө тынчтыкты жана элдин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгиледи.

"Аялзатынын негизги орду - эне болуу, балдарды татыктуу тарбиялоо, үй-бүлөдөгү коломто отун жандыруу жана сактоо экенин барыбыз жакшы билебиз. Айымдардын уникалдуулугу мына ушунда. Заманга төп келген аялзаты бул негизги миссияларын ар кыл тармакта жасаган карьера менен чебер айкалыштырып, олуттуу ийгиликтерге жетишип жатканы мени абдан кубандырат. Бүгүнкү күндө аялзаты – үй-бүлө кутун, очогун сактоочу гана эмес, бардык кесиптин ээси, ошондой эле аялдар саясатчылардын, бизнесмендердин, ийгиликтүү адамдардын жана лидерлердин катарын толуктайт", - деди Айгүл Жапарова.

Биринчи айым аялдардын социалдык ролу жөнүндө жаңы түшүнүктү калыптандырган чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз аялдарын белгилеп өттү.

Ошондой эле Айгүл Жапарова Россияда жашаган мекендештерге көрсөткөн колдоосу үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда ал мигранттарга байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин баса белгиледи.

Биринчи айым элдин бакубат жашоосу жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү - талыкпаган биргелешкен күч-аракет жана өз ара колдоо менен гана мүмкүн болорун айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10687