Таласта дарыгерлердин кошумча акысын өздөрүнө ыйгарып келгендер зыяндын ордун толтурушту
RU

Таласта дарыгерлердин кошумча акысын өздөрүнө ыйгарып келгендер зыяндын ордун толтурушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Алар медицина кызматкерлерине берилүүчү кошумча акыны өздөрүнө ыйгарып келишкен дешет УКМКнын маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунда текшерүү жүргөн. Ага ылайык, 2020-жылдын январь айынан тарта Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган медициналык мекеменин жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан акча өндүрүп жүрүшкөнү такталды.

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган жалпы медициналык практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган. Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10704