Ырчы Анжелика кийимин сынга алгандарга жооп берди
RU

Ырчы Анжелика кийимин сынга алгандарга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Кайратова Бишкекте "сый тамак" кечесин өткөргөндөн кийин талкууга түштү. Иш-чарада ырчы жаңы клибинин бет ачарын өткөрүп, жоолуктардын жаңы коллекциясын тартуулаган.

Бул социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкууга алынды. Көпчүлүгү нааразы пикирлерин жазышып, мындай көрүнүштөрдү көзөмөлдөө керектигин белгилешти.

Сын-пикирлерден кийин Анжелика Кайратова жумурткадан кыр таппай жаткандар болгонун жана боло берерин айтты.

"Ооба, ушундай шалбыраган кездемелердин ичинде мен өзүмдү аябай эркин сезип жүрөм. Демимди кысып, ичимди тартып жүргөн курактан өттүм. Артымдан сөз кыла бергиле, уруксат берем!", - деп Instagram баракчасына жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10716