Токмокто өз жанын кыймакчы болгон жигит куткарылды
RU

Токмокто өз жанын кыймакчы болгон жигит куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Токмок шаарында 24 жаштагы жигит көп кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет жасады. Ал аман-эсен куткарылганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, курулушу бүтө элек 9 кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы А.Ж. аттуу жигит секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жигиттин абалы туруктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10730